Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

«Жеңеке»: А.Кулукееваны жолдошу бир көргөндө эле жактырып калган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылында төрөлгөн Айтгүл Кулукеева 2012-жылы Ак-Талаага келин болуп келип, 3 уулдун энеси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы орто мектебинде 8-класска чейин окуп, андан соӊ Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинде 4 жыл окудум. Кийин Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүттүм.

Жолдошум Кубанычбек менен 2012-жылы баш кошконбуз. Экөөбүз Россияда иштеп жүргөндө бөлөмдүн туулган күнүндө таанышып калганбыз. Ал учурда анын сүйлөшкөн кызы бар эле. Ошондо эле ал мени жактырып калган окшойт. "Сиз менин сүйлөшкөн кызыма окшош экенсиз" деп тийишкенде экөөбүз уруша кеткенбиз. Көпкө чейин ага маани берген жокмун. Ал мага гүл берип, киного алып барып жүрдү. Кийин Кыргызстанга кетип калдым. Бирок ал менин артымдан келип, колумду сурады.

Кубанычбек 1989-жылы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. Учурда экөөбүз бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөнү түптөп жашап жатабыз. Келечекке көптөгөн пландарыбыз бар», - деди ал.

Учурда бактылуу жубайлар Россиянын Тверь облусунда жашап, 3 баланы өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×