Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы Ак-Талчат көпүрөсү оңдолуп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Ак-Талчат — Соң-Көл унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Ак-Талчат көпүрөсүндө пайда болгон өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинен 50 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн эски асфальт катмары сыйрылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун эски асфальт катмары сыйрылып, көпүрөнүн капталындагы тосмолор жасалууда.

Ак-Талчат көпүрөсү 1967-жылдары курулуп, 50 жыл кызмат кылды. 1981-жылы №2 тирөөчү оңдоодон өтүп, 2017-жылдын апрель айында текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада №3 тирөөч 2-3 см чөгө баштаганы белгилүү болгон. Мындан улам жол чарба департаментине билдирүү берилип, атайын комиссия жеринен карап чыккан. Андан соң Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институтуна көпүрөнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилген. Тирөөч буга чейин 42 см, андан кийин 25 см, жалпысынан 67 см чөккөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 763
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×