Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Баетов айылында «Асылзат» шайыр апалар тобу тушоо кесүү концертин беришти (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында «Асылзат» шайыр апалар тобунун тушоо кесүү концерти болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шайыр апалар тобунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районундагы аялдар кеңешинин коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган «Асылзат» шайыр апалар тобунун концерти кечээ, 24-августта райондук маданият үйүндө болуп өткөн. Концертте элдик чыгармалар аткарылып, кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, «Асылзат» шайыр апалар тобу мындан 2 жыл мурун уюшулуп, ар кандай сынактарга катышып келет. Таланттуу апалар жакында эле Түркия мамлекетинде өткөн сынакка кытышып келишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2323
Көп окулду
×