Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Нарын

Үгүттөгү дыйкандарга айдоо аянттарын асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын дыйкандарына айдоо аянттарды азыктандыруу жана асылдандыруу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 29-августта аталган айылдын жергиликтүү тургундарына «FAO» уюму тарабынан семинар өткөрүлүп, ага жергиликтүү дыйкандар, багбандар, айыл чарба жетекчилери жана аталган уюмдун өкүлдөрү катышты. Аларга топурак кыртышын коргоо ыкмасы, айыл чарба өсүмдүктөрүн диверсификациялоо, жерди калыбына келтирүү менен аны асылдандыруу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо, алар үчүн биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүү, аларды пайдалануунун жолдору, сугат ыкмалары туурасында окутуу иштери өттү. Андан сырткары, жер кыртышына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген ар кандай зыянкечтерге каршы сөөлжан, курт-кумурскаларды пайдалануу туурасында маалымат берилди.

Аталган уюм райондун Тоголок Молдо жана Үгүт айылын пилоттук айыл катары негиздеп, жоголуп кеткен табигый өсүмдүктөрдү жана токойлорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1445
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×