Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-талаалык эки балбан эр эңиш боюнча Чолпон-Атадагы мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун эр эңиш боюнча эки балбаны «Манас оюндары-2017» мелдешинде жеңишке жетишип, алдыңкы орундарды камсыздагандыгын райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, учурда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан аталган мелдеште эр эңиш боюнча 80 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан Бердибек уулу Ислам атаандаштарын ат үстүнөн алып түшүп, жыйынтыгында 1-орунду багындырса, ал эми 70 килограмм салмактагылар арасында ат үстүндө алышкан Курманбек уулу Элеман 3-орунду олжолоп кайтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1961
×