Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалыктар оор жүк тартуучу унаа сатып алышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын тургундары жарым миллион сом каражат чогултушуп, ага оор жүк тартуучу унаа сатып алышкандыгын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын тургундары КАМАЗ-5111 үлгүсүндөгү унааны 500 миң сомго сатып алышты.

«Буга чейин долбоор аркылуу экскаватор алганбыз. Бирок жалгыз экскаватор менен иш алып барууга болбойт. Айылдын көчөлөрүнө шагыл төгүүгө, элдин курулуш иштерине кум-шагыл ташууга, көмүр тартууга жана өзгөчө кырдаалдарга колдонууга деп оор жүк тартуучу техниканы эл менен кеңешип сатып алдык. Ар ким өз колунан чыккан каражатын, мал-жандыктарын салым катары кошуп беришти», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×