Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаанын Бүлөөлү-Суусуна 300 миң сомго көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылына караштуу Арпа жайлоосундагы Бүлөөлү-Суусуна 300 миң сомдон ашык каражатка көпүрө курулганын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган дарыяга коомдук фонддун жана айылдын жайыт комитетинин колдоосу менен узундугу 8 метр, туурасы 4 метрди түзгөн көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн курулуш иштерин жайыт комитетинин кызматкерлери жана малчылар ишке ашырды.

«Мурда бул сууну кече албагандыктан малчылар Арпанын Дары-Суу, Адыбайдын төрү жана Көбүргөндү-Бел чөлкөмдөрүнө бара албай, жайыт тардык кылып келген. Союз учурундагы унаа жолдордун нугу да бузулуп, каттай албай калышкан эле. Ошол себептен көпүрө куруп, 150 чакырым унаа жолду оңдоттук», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×