Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Баетов айылынын мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүшкөндүгүн мектеп директору Венера Мурзалымбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин мугалимдери өз каражаттарына жалпы 162 миң сомго атайын бирдиктүү форма тиктирип кийишти. Бирдиктүү форманы Бишкектеги атайын фирмалардын бирине буйрутма менен тиктирип, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү атайын жүрүшкө ийип чыгышты.

Мектеп директорунун айтымында, мектепте 87 мугалим эмгектенсе, анын сегизи агайлар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1241
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×