Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы 2 чакырым жол оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылын кесип өткөн Баетов — Макмал унаа жолунун 2 чакырымы оңдолуп жаткандыгын №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Ажыбай Исаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган унаа жол шагыл менен битум аралаштырылып түздөлүүдө. Бирок айылдын айрым тургундары жолдун жасалышы жай жүрүп, кечеңдеп жаткандыгын билдирүүдө. №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси А.Исаев иштин жай жүрүп жатканын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Иш жай жүргөн жок. Жумушчулар иштеп жатат. Бул ишти кара шагыл деп коет. Башкача айтканда, битумду шагылга аралаштырып төгөбүз. Ал эми битумду күн ысыкта куюш керек. Анткени битум менен шагыл ысыган мезгилде бир-бирине жабышып калышы керек. Ошондуктан күн ысыган маалда гана төгүп жатабыз. Муну туура түшүнүү зарыл», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу