Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаанын билим берүү мекемелерине жаңы жетекчилер келди

Turmush -  Ак-Талаа районунун билим берүү мекемелеринде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, 5 мектептин директору жана 2 бала бакчанын жетекчиси жаңы дайындалды.

«Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебине Кожоев Айбек, Байымбет мектебине Жусупжанов Улукбек, Ж.Сатылганов атындагы орто мектебине Тиленбаева Ажаркүл, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине Нурманбетова Гүлмайрам, Н.Балбаков атындагы орто мектебине Жылтыров Урмат, ошондой эле А.Турдакунов атындагы орто мектебине Аалыбаев Рахат жетекчи болуп дайындалды. Ал эми «Кубан бөбөк» бала бакчасына Жээнбаева Толкун, «Терекке-Берекке» бала бакчасына Шергазиева Мээрим жетекчилик кызматына бекитилди», - деди ал.

Аталган билим берүү мекемелеринин мурунку жетекчилери өз каалоосу менен кызматтан кетсе, айрымдары башка кызматка которулушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 823
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу