Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Баетов айылындагы мугалимдер жаңы шайлаган директорго каршы болушууда (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери жаңы дайындалган директорго каршы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мугалимдер билдиришти.

Маалым болгондой, мугалимдер аталган мектепке ротация аркылуу директорлукка дайындалып жаткан Гүлмайрам Нурманбетова менен иштеше алышпайт. Алар мурунку директорлорду ротация деген шылтоо менен кайра-кайра жетекчи кыла берүү туура эмес экендигин айтып даттанышууда.

Мектеп жамааты учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Өкмөт башчысына, облус жетекчисине жана Билим берүү министрлигине кайрылып жатышат. Ал эми, райондук бийлик тарабынан Г.Нурманбетова убактылуу гана директорлукка дайындалып жаткандыгын, бардык иш мыйзам менен чечилерин жана буйруктун негизинде иш алып барарын билдирди.

Гүлмайра Нурманбетова буга чейин Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде директор болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5531
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×