Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Видео, фото - Грецияда грек-римден коло медалды багынткан ак-талаалык балбан А.Талантбековду жердештери салтанат менен тосуп алышты

Turmush -  Грециянын Афина шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 76 кг салмактагылар арасында коло медалды багынткан ак-талаалык балбан Акылбек Талантбековду жердештери салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы тааныштырды.

Маалым болгондой, аталган өлкөдө греко-рим күрөшү боюнча менменсинген балбандардын далысын жер тийгизүү менен 3-орунду багынтып, жыйынтыгында коло медалды эңип келген А.Таланбеков кичи мекени Терек айылына 9-сентябрда кайтып келди. Жеңиши менен жердештерин чексиз кубанычка бөлөгөн балбанды айылдын четинен жоон топ жаштар жана айыл аксакалдары кучак жайып тосуп алып, айылдык клубга чейин салтанат менен коштоп барышты. Андан соң, атайын даярдалган дасторкон үстүндө балбанга куттуктоолор айтылып, жердештери тарабынан белек-бечкектер берилип, анын жеңишинин урматына тай союлуп, бата тиленди.

«Бул ийгилик мага жөн жерден келген жок. Көптөгөн машыгуулар, аракеттердин арты менен келди десем болот. Спорттун грек-рим күрөшү менен 4 жылдан бери машыгып келем. Ар бир күч сынашууга чыгардын алдында, өзүңдү психологиялык жактан тарбиялап алып, артыңда бүтүндөй кыргыз эли бар экендигин, көптөгөн мээнеттер сарпталгандыгын эске алуу менен жеңишим керек, деп килем үстүнө чыгуу зарыл. Ошонун баары бекерге кетпеш үчүн абдан эле аракеттерди кылдым. Буга чейин Кыргызстандын чемпиону болгом. Андан кийин Азия биринчилиги үчүн Таиландга барып, 3-орунду багынткам. Эң биринчи ыраазычылыгымды ата-энеме жана машыктыруучуларыма билдирем», - деди балбан А.Талантбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу