Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаанын эки айылындагы дан эгиндерин жыйноого Чүйдөн 2 комбайн жардамга келди (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун эки айыл өкмөтү тарабынан Чүй облусунан дан эгиндерин оруп-жыйноо үчүн убактылуу 2 комбайн алынды. Бул тууралуу Кызыл-Белес айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев аймактык кабарчыга билдирди.

21462850_512806672405555_2851306455278586379_n

Маалым болгондой, кечээ, 11-сентябрда Жаңы-Талап жана Кызыл-Белес айыл өкмөттөрү тарабынан Чүй облусунан дан эгиндерин жыйноого 2 комбайн алынып, учурда жергиликтүү дыйкандардын эгиндери оруп-жыйналып жатат.

«Айылдагы комбайндардын көбү эски. Дан эгиндерин жыйноого жетишпей жатышкандыктан Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алдеев экөөбүз дыйкандар менен кеңешип, Чүйдөн комбайн айдатып келдик. 1 гектар дан эгинин жыйноо үчүн 2 миң сом каражат жана 25 литр солярка куюп берели деп чечиштик. Антпесек, жакынкы аралыкта тоодон малдар түшөт. Элдин бир аз айдап алган эгинин талкалап, тепсеп кетишет», - деди А.Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 776
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×