Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.01.2018 14:44

Ак-Талаада мугалимдер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан орто мектептердин мугалимдеринин ортосунда волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 9-январда өткөрүлгөн волейбол мелдешинде 1-орунду Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектеби, 2-орунду Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби жана 3-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери камсыздашты. Мелдештин байге фондусу 4 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×