Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.01.2018 08:31

Карышкыр сезону: Кош-Дөбө айылындагы мергенчилер 4 күндө 7 карышкыр атышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын мергенчилери 4 күн ичинде 7 карышкыр атышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Тынчтыкбек Чылымов аймактык кабарчыга кабарлады.

Анын айтымында, учурда карышкыр күч болуп, мал-жандыктарга, бодо малдарга жана жылкыларга кол салып, жергиликтүү жашоочуларды чыгымга учуратууда.

«Мындан улам атайын мергенчилерден турган топ түзүлүп, алар 13-январда Кайракы чөлкөмүнөн 2 карышкыр, 14-январь күнү 1 карышкыр, 15-январь күнү 1 карышкыр жана кечээ, 16-январда 3 карышкыр атышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×