Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы Мыкаачы суусуна эл аралык донордук уюмдун каржылоосу менен жаңы көпүрө курулуп, кечээ, 16-январда пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, көпүрө «CAMP Ала-Тоо» уюмунун «Тоо көпүрөлөрү» долбоорунун негизинде курулду. Көпүрөнүн ачылыш аземине район жетекчиси, долбоордун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Көпүрөнү курууга аталган долбоор тарабынан 207 миң сомго курулуш материалдары алынса, көпүрөнү бекемдөө иштери үчүн ӨКМ тарабынан 66 миң сомго габион торчолор берилген. Андан сырткары, өздүк салым катары жергиликтүү тургун Корчубек Райымов 20 миң сом жана Кубанычбек Төлөнбай уулу 50 миң сом каражат салым кошушкан.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө район жетекчилиги жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан көпүрө курууга салым кошкон Германиянын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык айтылды. Ошону менен бирге салым кошкондорго айыл өкмөттүн ардак грамоталары ыйгарылды.

Союз учурунда аталган сууга коомдук ишмер Төлөнбай Кырбашев көпүрө куруп берген. Бирок бир нече жылдан соң ал көпүрөнүн эскилиги жетип, суу алып кеткен эле. Ал эми, жаңы курулган көпүрө Төлөнбай ата көпүрөсү деп аталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1349
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×