Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-Талаадагы 17 жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук бийлиги тарабынан айыл аймактардагы жакыр жашаган 17 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 16-январда район акими Семетей Черикбаев райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Үсөнбек Токтокуев менен бирге Байгөнчөк, Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Баетов, Кайыңды-Булак жана Терек айылындагы жакыр жашаган 17 үй-бүлөнүн ал-акыбалын сурап, жашоо турмушу менен таанышып, аларга кур кол кирбестен акимдин резервдик фондусунун эсебинен азык-түлүк таратты. Андан сырткары, айыл өкмөт башчыларына жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн жашоо шартына, социалдык абалына көңүл бурулбаса алардын иши коллегиялык отурумунда олуттуу түрдө караларын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1286
Көп окулду
×