Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-талаалык Калмира эркин күрөш боюнча Украинада өтө турган мелдешке сапар алды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 15 жаштагы спортчусу Калмира Билимбек кызы эркин күрөш боюнча Украинада өтө турган мелдешке сапар алды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-январда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынан 3 балбан кыз Украинада өтө турган эл аралык мелдешке барышат. Алардын экөө Талас жана Чүй облусунун балбан кыздары болсо, бири — ак-талаалык К.Билимбек кызы. Ал буга чейин Астанада өткөн эркин күрөш боюнча Азиянын биринчилигинде жеңишке жетишкен болчу.

«Кудай буюрса Калмирадан үмүтүбүз чоң. Кыргызстанга жеңиш менен кайтып келээрине ишеним артып турабыз. Мыкты машыгуудан, жакшы даярдыктан өттү», - деди Б.Капарбек уулу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1971
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×