Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.01.2018 09:36

Ак-Талаада окуучуларды сергек жашоого үндөө максатында спорттук оюндар уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары арасында спорттук мелдеш өткөрүлгөндүгүн мектеп директору Венера Мурзалымбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 16-январда аталган орто мектептин жогорку класстагы окуучуларынын ортосунда «Теңир-Тоо» аталыштагы спорттук оюндар уюштурулду. Бул мелдештин максаты — окуучуларды сергек жашоого үндөө, ар кандай ыплас нерселерден алыс болууга чакыруу. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө мектептин дипломдору ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×