Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.01.2018 11:54

Ак-Талаанын Терек-Сай суусуна көпүрө куруу керек, - тургундар

Turmush -  Ак-Талаа районунун Терек айылынын Терек-Сай суусундагы көпүрөнү оңдоо жана дамба куруу зарыл экендигин айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, Орто-Сырт жана Арпа жайлооруна баруу үчүн союз учурунда аталган сууга көпүрө курулган. Союз тарагандан кийин көпүрө кароосуз калып, катуу келген суу көпүрөнүн айланасын жеп кеткендиктен, учурда аталган жайлоолорго жана Орто-Сырттагы мал баккан кыштоолорго каттоого кыйынчылык жаралып келет. Терек-Сай суусу аркылуу Үгүт, Ак-Тал, Байгөнчөк, Баетов, Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Кара-Бүргөн жана Конорчок айылдарынын малчылары жайлоого чыгышат. Жаз мезгилинде суу катуу кирген убакта малчылар жайлоого өтө албай кыйналышат. Бул маселени чечүү үчүн райондук бийлик тарабынан эл аралык донордук уюмга көпүрө салуу сунушталды. Донордук уюмдун өкүлдөрү көпүрөнү жеринен барып көрүп, аракет кылышарын билдирсе, ал эми район бийлиги тарабынан техника, жумушчу күчү жана башкалардан колдоо болорун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×