Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.01.2018 14:57

Ак-Талаадагы отчеттук жыйында айрым жетекчилердин ишине сындар айтылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук бийлиги райондук мекеме-ишканалардын бир жылдык аткарган иштери боюнча отчетун укту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-январда райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери 2017-жылда аткарган иштери боюнча район бийлигинин жана жергиликтүү жашоочулардын алдында отчёт беришти. Отчёттук жыйындын жүрүшүндө айрым мекемелердин жетекчилеринин кемчиликтери айтылса, айрымдарына ыраазычылык айтылып, ак-талаалыктар бир катар суроолоруна жооп алышты.

Буга чейин район бийлиги айыл аймактарды кыдырып, айыл өкмөт башчылардын бир жылдык аткарган иштерин жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда уккан болчу. Алардын аткарган иштерине эл тарабынын канааттандырарлык деген баа берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×