Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Айыл турмушу: К.Бакеева 29 жыл мугалим болгон мектепте келини директорлук кызматты аркалоодо (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 68 жаштагы ардактуу мугалими Калиман Бакеева 29 жыл башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенгенин кызы Чынара Жоробекова аймактык кабарчыга билдирди.

«Мугалим — мөмөлүү дарак» демекчи К.Бакееванын окуткан окуучулары учурда ар кандай кызматтарда иштеп келишет. Өзүнүн оор басырыктуу мүнөзү менен алдыңкы мугалим катары кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болуп, 29 жыл мугалимдик кесипти аркалап, көптөгөн билимдүү жаштарды мектеп уясынан учурду.

Калиман Бакеева Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында 1950-жылы туулган. 1967-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайынан билим алып, 1971-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну Жеңишбек Жоробековго турмушка чыккан. Алгачкы эмгек жолун Жеңиш (азыркы Мукаш Базаркулов атындагы) орто мектебинде башталгыч класстын окуучуларына билим берүү менен баштаган. Билимин жогорулатуу максатында Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунда мугалимдик кесип боюнча кайрадан билим алган. 1980-жылы Кыргыз ССРдин ардак грамотасы менен сыйланган. 2000-жылы жаштардын иштөөсүнө өбөлгө түзүп, мүмкүнчүлүк берип, өз каалоосу менен ардактуу эс алууга кеткен. Калиман апа бүгүнкү учурда уулу Максат Жоробековдун төрүндө отуруп, неберелерин эркелетип, жыттап, бактылуу карылыктын доорун сүрүп келүүдө. Учурда келини Гүлкайыр Майрыкеева кайненеси иштеп кеткен аталган мектепте директор болуп эмгектенет.

Эл ичинде кадыр-баркка ээ болгон Калиман апа 2016-жылы Нарын облусунун «Ардактуу айымы» төш белгиси менен сыйланган. Мугалимдик кесипти гана аркалабастан 3 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп, 10 неберенин сүйүктүү чоң энеси жана таенеси болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1841
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×