Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-талаалык фермерлер мал баккан сарайларды дезинфекциялоо маселесин көтөрүштү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун фермерлери мал баккан сарайларды дезинфекциялоо керектигин билдирип чыгышты. Бул тууралуу алар отчеттук жыйында билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-январда мекеме-ишканалардын жетекчилери бир жылда аткарган иштери боюнча отчёт беришти. Жыйындын жүрүшүндө райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчиси Дастан Күйкеевге фермер Качкын Абышбаев тарабынан мал баккан сарайларды дезинфекциялоо сунушталды.

«Сиздин иштеп жатканыңызга бир жылдай убакыт болду. Жакшы иштеп жатасыз. Аз да болсо өсүп-өнүгүү башталды. Бирок союз тарагандан бери мал баккан сарайлар дезинфекциялоодон өтпөй жатат. Сиздер малдарды дарылап, эмдөөдөн өткөргөнүңүздөр менен сарайлардан кайра эле вирустар жугуп, малдар ооруйт. Сунуш катары кабыл алып, ушул маселени аткарып берсеңиздер», - деди К.Абышбаев.

Бул маселе боюнча аталган башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев аракеттер көрүлүп жаткандыгын жана быйыл дагы аракет кылышарын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1517
×