Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Ак-Талаага 140 миң сомго чейинки породалуу букалар алынып келди

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун 3 айылына асыл тукум бодо малды көбөйтүү максатында АРИС долбоорунун колдоосу менен породалуу букалар алынып келди. Долбоордун райондогу өкүлү Талант Рысбаевдин айтымында, каражаттын негизи эл аралык уюм тарабынан каржыланып, жергиликтүү бюджеттен да бөлүнгөн.

Абердин-ангус тукумундагы 1 жаш 2 айлык 1 бука 140 сомго бааланып, Ак-Чий айылына берилди. Бул сумманын ичинен 35 миң сом өздүк салымдан каржыланган. Ошондой эле, Көк-Жар айылына 1 баш бука берилди. Ал эми, Терек айылына алынган бука 120 миң сомго бааланып, 35 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилди.

3 баш бука айыл өкмөттүн балансына өткөрүлгөн.


Ак-Талаага 140 миң сомдук породалуу букалар алынып келди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1253
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×