Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Байгөнчөк айылында бүйүр кызыткан ордо оюнундагы жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында кечээ, 20-январь күнү ордо оюну боюнча салтка айланган мелдеш өттү. Райондук спорт бөлүмдүн инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдиргендей, мелдеште жалпы 9 команда таймашты.

Көрүүчүлөр менен оюнчулардын өзгөчө кызыгуусун жараткан оюндун жыйынтыгында 1-орунду Кош-Дөбө айылынын командасы, 2-орунду Терек айылынын командасы, ал эми 3-орунду Кызыл-Белес айылынын командасы камсыздаган. Аларга диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Ордо оюнун өткөрүүнүн негизги максаты — улуттук оюндарыбызды даңазалоо. Мелдешке катышкан командалар ортого каражат чогултуп алып ойношот. Кийинки мелдеш Ак-Кыя айылында өтөт», - деди М.Чырмыев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1568
×