Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.01.2018 10:48

Ак-Талаада Аймактарды өнүктүрүү жылына карата спорттук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 13 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында спорттун кичи футбол жана тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш өткөрүлүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 20-январда Баетов айылындагы кичи футбол аянтчасында Эсенгул Карасартов жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучуларынан куралган 6 команда оюн талаасында беттеш өткөрүшсө, ал эми 20 өспүрүм тогуз коргоол оюнуна катышты.

«Көптөгөн мелдештерди өткөрүп келе жатабыз. Ар бир айда 2 жолу мектеп окуучулары ортосунда кичи футбол өткөрүп турууну пландаштыруудабыз. Мунун негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, убакытты туура колдонуу, спортко кызыктыруу жана ден соолукту чыңдоого чакыруу. Ошондой эле, 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аймактарда спортту өнүктүрүү зарыл», - деди аталган мектептин директорунун орун басары Уланбек Доктурбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×