Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-Талаанын 7 айыл аймагында үрөн фонддор түзүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айылдарында үрөн фонддору түзүлүп, ар бир айылга 40 гектардан кем эмес аянтка дан эгиндери эгилет. Бул тууралуу «Кыргыз жайыты» Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн атайын жыйында маалым болду.

20-январда «Кыргыз жайыты» Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы тарабынан ар бир айыл аймактардагы жайыт комитеттерге бекер үрөн жана бекер жер семирткичтер берилди. Эми жайыт комитеттер 40 гектардан кем аянттарга буудай, арпа жана тоют өсүмдүктөрүн эгишет. Бул мал чарбасын өнүктүрүү долбоору аркылуу ишке ашырылат.

Долбоордун максаты — жергиликтүү дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо, айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайыт жерлерин коргоо.

Аталган долбоор боюнча, азырынча Жерге-Тал айылында «Тогуз-Булак» үрөн фонду, Коңорчок айылында «Ак-Сай» үрөн фонду, Кара-Бүргөн айылында «Кайырма» үрөн фонду, Ак-Чий айылында «Ак-Тилек» үрөн фонду, Үгүт айылында «Үгүт берекеси» үрөн фонду, Ак-Тал айылында «Өрдөш үрөн» үрөн фонду, Кызыл-Белес айылында «Ат-Кулак» үрөн фонду түзүлдү. Аталган фонддорго жаз мезгилинде сапаттуу үрөндөр берилет. Түзүлгөн үрөн фонддорунун жетекчилерине «Кыргыз жайыты» Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы тарабынан атайын жыйын өткөрүлүп, үрөн фонддордун негизги максаттары, иштөө механизмдери, сатуу, өндүрүү туурасында кеңири түшүндүрмө берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1815
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×