Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Тарых инсаны: Ак-талаалык З.Ашырбай кызы бүт өмүрүн советтик партиялык ишке жана билим берүүгө арнаган (фото)

Turmush -  1937-1938-жылдары оор мезгилде эч кандай шарты жок мектептерде балдардын сабатсыздыгын жоюуда талыкпай эмгектенип, алгачкы мектептерди түптөгөн инсандардын элге кылган татыктуу эмгегин эстеп жүрүү баарыбыздын парзыбыз.

Ошондой инсандардын бири — Зина Ашырбай кызы. Ал 1917-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Ой (азыркы Тоголок-Молдо) айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси Кызыл-Эмгек колхозунда жөнөкөй жумушчу болуп иштешкени менен кызы Зинанын билимдүү болушун тилек кылышып, 1929-жылы 3 жылдык мектепке окууга беришкен.

Билимге умтулган Зина апа 1933-жылы башталгыч мектепти бүтүрүп, 1934-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педтехникумга тапшырат. Бирок турмуш шартына байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы педтехникумга которулуп, 1938-жылы окуусун аяктаган. Андан соң кичи мекени Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылына кайтып келип, Сталин атындагы орто мектепке мугалимдик кесипти аркалап баштаган. 1942-жылы Терек айылындагы башталгыч орто мектепке директор болуп иштеп, 1943-жылы Компартиянын катарына кабыл алынган.

Зина Ашырбай кызынын аракетчил, дилгир, уюштургуч экенин байкаган ошол кездеги жетекчилер 1944-жылы Ак-Талаа райондук коммунисттик партиянын үгүттөө жана пропагандалоо бөлүмүнө бөлүм башчы кызматына чакырышкан. Ишинин тактыгы менен ак кызматын өтөп жаткан З.Ашырбай кызы ушул эле жылдын май айынан декабрь айына чейин Фрунзе шаарында ЦК КПССтин партиялык жана советтик кызматкерлерди даярдоочу 6 айлык курста билим алган.

1944-1945-жылдары согуштун кыйын учурунда Тянь-Шань обком партиясында лектор болуп эмгектенип, элдерди согуш жылдарында кайратмандыкка үндөп, фронттогу аскерлерге жардам көрсөтүүгө үгүт иштерин жогорку деңгээлде аткарган. 1946-1948-жылдары кайрадан ЦК КПССтин 2 жылдык партиялык мектебинде окуу менен кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюуга, билимин өстүрүүгө бел байлаган. 1948-жылдан тартып Тянь-Шань облусунун Чолпон районунда партиялык комитетинин 2-секретары болуп талыкпай эмгектенет. 1952-жылы Тянь-Шань облустук аткаруу комитетинин орун басары кызматына көтөрүлгөн. 1952-жылдын март айынан баштап Куланак районундагы Маленков атындагы орто мектебине директор болгон. 1952-1955-жылдары ушул эле райондогу маданият бөлүмүнүн башчысы кызматын өтөгөн. 1952-1959-жылдары Куланак орто мектебинде 7-10-класстарга тарых сабагынан билим берген.

Бир топ тажрыйбага ээ болган Зина апа Ак-Талаа районуна келип, Данов (азыркы Э.Карасартов) атындагы орто мектебинин пайдубалын түптөп, мектептин курулушун бүткөрүп, имаратты ишке берген. 1960-1961-окуу жылында 229 окуучуну мектепке тартып, аларга билим берип баштаган. Ошол учурда мектепте болгону 12 гана мугалим эмгектенген. 1962-жылы 266 окуучунун өздөштүрүүсүн 92,1 пайызга, 1963-1964-жылдары 326 окуучуну 92,6 пайызга, 1971-1972-жылдары 369 окуучунун өздөштүрүү пайызын 97,5ке көтөрүүгө жетише алган.

Зина апанын демилгеси менен класс комплекстери ошол учурдун талабына ылайык жабдылган. Ал тургай, мугалимдердин билимин көтөрүүнүн үстүндө дагы талыкпай иш жүргүзгөн. Андан сырткары, Зина апа жетекчилик кылган бул мектеп олимпиадаларда, спорттук мелдештерде ар дайым алдыңкы орундарды ээлегендиги менен элдин эсинде калды.

Талыкпаган эмгегинин арты менен 1941-1945-жылдарда « Улуу Ата Мекендик согушта кайраттуу эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРнин 25 жылдык юбилейине жана үзгүлтүксүз эмгеги үчүн 1951-жылы «Ардак белгиси» ордени, Ленин 100 жылдык юбилейлик медалдары, райондун, облустун, республиканын бир нече ардак грамоталары менен сыйланган. Күйөөсү согушка кетип кайтпай калгандыктан, 2 кыз жана 1 уулду жалгыз өзү тарбиялап өстүргөн.

1996-жылы Баетов айылдык кеңешинин чечими менен өзү жашаган көчөгө Зина Ашырбаева ысымы берилген болчу. Бүткүл өмүрүн советтик партиялык ишке жана жаш муундарга билим берүүгө арнаган Зина апа 1996-жылы 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 828
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×