Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.01.2018 09:21

Ак-Талаанын Баетов айылында кенже кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленди (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында кенже кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленип, бир катар кызматчыларга сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 22-январда Баетов айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, ишке ашырылып жаткан кенже кызматкерлердин кесиптик күнү Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда белгиленип, анда акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков, айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев кенже кызматкерлерди куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы кенже кызматкерлерге райадминистрациянын, Баетов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары ыйгарылды. Андан сырткары, айыл өкмөтүнүн баалуу белектери айыл өкмөттүн алдындагы бала бакчада, мектептерде иштеген ашпозчу, кароолчу, кеңсе тазалагыч сыяктуу жумушчуларга тапшырылды. Ошондой эле, мектеп, бала бакчалардын директорлору дагы куттукташып, өз кызматчыларына грамоталарын тапшырышты. Кенже кызматкерлерге арналып концерт да тартууланды.

Эске салсак, кенже кызматкерлердин кесиптик күнү биринчилерден болуп 2017-жылы аталган айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, алардын иштөөсүнө түрткү берүү, шыктандыруу максатында белгиленип келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×