Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Ак-талаалык Калмира эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 15 жаштагы балбан кызы Калмира Билимбек кызы эркин күрөш боюнча Украина өлкөсүнүн Харьков шаарында өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүм кыздар арасында өткөн мелдеште 46 кг салмактагылар арасында күч сынашкан Калмира 1-айлампа алдыга суурулуп чыгып, 2-айлампада белоруссиялык балбан кызды 8:0 эсебинде уткан. 3-айлампада украиналык балбанды 6:0 эсеби менен жеңип алып, 4-айлампада польшалык балбан кызды 8:1 упайлык эсеп менен жеңип алган. Акыркы 5-финалдык айлампада Украинанын Харьков шаарынын балбан кызы менен алтын медаль үчүн күч сынашып, жыйынтыгында 1:6 упайлык эсеп менен жеңилип, Кыргызстандын намысын күмүш медаль менен коргоп кайтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×