Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Ак-Талаада кичи футбол жана тогуз коргоол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өспүрүмдөр арасында өткөн кичи футбол жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары Уланбек Доктурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, тогуз коргоол боюнча уландар арасында 1-орунду Адилхан Орозобеков, 2-орунду Турсунаалы уулу Фархад жана 3-орунду Жумабек уулу Эржан ээлешти. Ал эми кыздар арасында 1-орунду Болоткан кызы Альбина, 2-орунду Ильясова Наргиза жана 3-орунду Болоткан кызы Алина камсыздашты.

Ошондой эле, кичи футбол мелдешинде 1-орунду Э.Карасартов атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду ушул эле мектептин экинчи командасы ээлешсе, 3-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 3-командасы камсыздашты. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×