Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

«Тарых инсаны»: Адыл баатырдын тукуму Т.Сулайманкулов Жеңиш колхозуна биринчи болуп комбайн айдап келген (фото)

Turmush -  Айтылуу сулуу Ак Мөөр апабыздын атасы Адыл баатырдын тукуму Төлөназар Сулайманкулов колхоз-совхоз жаңыдан уюштурулуп, айыл чарбасы колго алынып жаткан мезгилде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылына эң биринчи жолу комбайн айдап келгендигин жердештери ушул убакка чейин эскерип келишет. Чоң атасы туурасында азыноолук маалыматты небере кызы Азима Садыбакасова аймактык кабарчыга айтып берди.

Албетте, тарыхта эмгеги менен элдин эсинде калган коомдук, партиялык ишмерлер же кызматта жүргөндөр гана эмес, жөнөкөй жумушчу катары ак иштеп, эмгеги менен элдин эсинде калган аталарыбызды дагы айтпасак болбойт. Тарых беттерин карай турган болсок, Ак Мөөр апабыздын атасы Адыл баатыр. Адылдан Ажы, Ажыдан Андаш, андан Сулайманкул, Сулайманкулдан Төлөназар ата.

Т.Сулайманкулов 1922-жылы Кара-Булуң (азыркы Тоголок Молдо) айылында туулган. 3 бир туугандын улуусу. Төлөназар ата сабатсыздыгын жоюу үчүн Куланак районундагы Ленин атындагы башталгыч мектептен окуп, билим алган. 1950-жылы райондо эң биринчилерден болуп комбайн айдоо боюнча окуп келген. Андан соң, Ак-Талаа районунун Саз колхозуна (азыркы Кара-Бүргөн айылы) көчүп келген. 1954-жылы үйлөнөт. 1956-жылы Саз колхозу менен Өзгөрүш колхозу биригип, Жеңиш колхозу болуп кайрадан түзүлүп, жаңы түзүлгөн бул колхозго эң биринчи комбайн, трактор айдап, колхоздун дан эгиндерин айдоо жана жыйноо иштеринде талыкпай эмгектенген. Ошол кездеги союз учурунда эң биринчи өндүрүштөн чыккан «Сталинец», «СК-3», ««НАТИ» үлгүсүндөгү трактор айдап, колхоздун өсүп- өнүгүшүнө зор салым кошуп, күн-түн дебей эгин талааларында ак эмгек кылуу менен бирге эле инженер, механик жана бригадир кызматтарын так аткарып иштеп берген.

1966-жылдан 1989-жылга чейин өз каалоосу менен колхоздун малын багып, алдыңкы малчылардын катарын толуктаган. Мына ушул 1989-жылы ардактуу эс алууга чыккан Төлөназар атанын 1 уулу, 8 небереси, 19 чөбөрөсү бар.

2017-жылы январь айында Төлөназар ата 95 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×