Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Көп кырдуу талант ээси А.Муканбетова ырчылыкка кадам таштады (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында жарык дүйнөгө келген 24 жаштагы Айымжан Муканбетова учурда моделдикке байланыштуу бардык тармактарды өздөштүрүп, мода, стилист, дизайнер жана тикмечилик менен алектенет. Ал мындан тышкары ырчылык өнөрүн элге тартуулап баштады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айымжан 1994-жылы Баетов айылында төрөлгөн. Апасы Калича Мурзалиева кесиби боюнча мугалим, ал бир топ жылдан бери өз кесиби менен эмгектенип келет. Бала кезинен ыр, бий жана сүрөт тартууга кызыккан Айымжан окуучу кезинде сулуулар жана жаш таланттар сынактарында алдыңкы орундарды алууга жетишкен. Айылдагы Э.Карасартов орто мектебин 9-класска чейин окуп, Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын улуттук аспаптар бөлүмүн бүтүргөн. Андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эстрада ырдоо бөлүмүнө тапшырып, учурда 5-курстун студенти.

«Мен музыканын жанрынын күйөрманымын. Кудай буюрса ар түрдүү жанрда ырдагым келет. Жакында эле "Өчпөс үмүт" аттуу автордук чыгармам жарыкка чыкты. Үмүт эч качан өчпөйт эмеспи. Үмүттүн чеги жок. Автордук чыгармаларым абдан көп, эми гана иш жүзүнө ашырып жатам. Мен күтүүсүз өзгөрүүнү жактырам. Буга чейин мода дүйнөсүнө аралашып келдим. Сүрөтчүлүк боюнча данек бар, бирок аны өркүндөтүү алдында иштеп келем. Буга чейин этно-авангард стилинде "Табигаттын табышмактуу сырлары", "Боектуу сүрөттөр", " Календарь" аттуу коллекцияларым жарыкка чыккан. Мен өзүмдү модель деп айтуудан алысмын. Айрым учурда фотомодель болуп сүрөттөргө түшөм. Мага образ жаратуу, аны кайра карап суктануу абдан жагат. Сүрөт — бул азык, ага көп эмгек жумшайсың. Модель француз тилинен алынганда ченем, үлгү, норма жана өрнөк дегенди билдирет эмеспи. Бизде Кыргызстанда стандарт модель жокко эсе. Ачуу чындык, негизи подиум же сүрөт тартуу айырмасы жок. Сүрөт тартуу ишинде жакшы жери бул чыгармачылык менен иштейсиң. Подиум көп кишинин эмгегин бириктирип, шоу аркылуу элге жандуу образ алып чыгарат», - деди А.Муканбетова.

Анын мода дүйнөсүндө кумири жок. Жөн гана айрым образдарга кызыгат.

«Чоң кызыгуумдан моделдикке байланыштуу бардык тармактарды өздөштүрдүм. Мода дүйнөсүнүн тарыхын, стилист, фотосүрөтчү жана дизайнерлик тикмечиликти үйрөндүм. Профессионалдуу түрдө боёнуп, чач жасалгоолорду жасай алам. Ошондой эле, өз күчүмө ишенгенди үйрөндүм. Мен өзүмдүн коллекциямдан тышкары башка дизайнерлердин коллекцияларын кийип сүрөткө түшөм. Көбүнчө иштелген кийимдерди колго жасап, колго сайма менен кооздоп жасалгалайм. Кийинки убактарда чоң дизайнерлер менен иштешип баштадым», - деди ал.

Балалык кези Ак-Талаанын айылдарында өткөн Айымжан учурда бойдок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4194
×