Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Тарых инсаны: Ак-талаалык коомдук ишмер Э.Мейманов 21 жашынан баштап элине ак кызматын өтөгөн (фото)

Turmush -  Айтылуу акын Аалы Токомбаевдин «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген накыл сөзү, учурунда элине ак кызматын кылып, эмгеги менен эл арасында кадыр-баркка ээ болгондор үчүн таамай, так айтылгандай. Арийне, учурунда элет жеринин социалдык экономикасын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө эбегейсиз зор салым кошуп, башкаларга билинбеген бир топ иштерди бүткөрүп, эл-жери үчүн күйүп-бышкан инсандарыбыз, аталарыбыз арбын. Алардын жасап кеткен иштеринин пайдасы бүгүнкү учурга чейин унутта калбай, коомчулукка, ошол айылдын болобу, райондун болобу элинин керегине жарап, коомдун колдонуусунда турат. Мына ушундай инсандарыбыз бири — Эргеш Мейманов.

Эргеш Мейманов 1941-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылында туулган. Айылдагы орто мектептен кат сабатын жойгон. 1962-жылы Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол) айыл чарба техникумун окуп бүтүргөн соң, « Биринчи Май» колхозунда бригадир болуу менен алгачкы эмгек жолун баштаган. Андан соң, ушул эле колхозунда 10 жыл бою агроном кызматын ийгиликтүү аркаласа, андан кийин бир жылдай партиялык комитеттин катчысы болуп үзүрлүү иштеген. 1976-1987-жылдары ушул эле колхоздо башкарманын төрагасы болуп иштеп, өзүн уюштургуч, калыс, иштин көзүн билген жетекчи катары башкаларга үлгү катары көргөзө алган. Ушул мезгилдерде аталган колхоздун экономикасы, айыл чарбасы, маданияты жана малдын башы өсүп, азык-түлүк өндүрүү, сатуу пландары ашыгы менен аткарылып, аталган колхоз алдыңкы колхоздордун катарын толуктаган. Андан сырткары, Кош-дөбө айылына 2 кабаттуу маданият үйү, 500 миң сомдук суу каналы, «Жашыл-Талаа» суу насостук станциясы курулуп, аталган объектилер азыркы күнгө чейин эл пайдаланып келет.

Э.Мейманов кайсы жер болбосун эл үчүн ак иштеп берүүгө башын байлап, бар күчүн жумшап келген. Ал 1988-1989-жылдары райкомдун алдындагы эмгекке жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы, «Кыргыз суу чарба курулуш» трестинин Ак-Чий айылындагы көмөкчү чарбада, 1989-1990-жылдары Жаңы-Тилек совхозунда директор, директордун орун басары, кийин 1991-жылы пенсиондук фонддун райондогу өкүлү катары иштеп, андан соң өмүрүнүн акырына чейин дыйкандар бирлигинин төрагасы катары кызмат кылган.

Э.Мейманов айыл элинин жашоосун өнүктүрүүгө 21 жашынан баштап ак кызмат кылып, «Ардак белгиси», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Каарман эмгеги үчүн» жана «Эмгек ветераны» медалдары менен сыйланса, ал эми райондун, облустун ардак грамоталары, баалуу белектери менен көп жолу сыйланган. Аны 50 жаш курагында шум ажал элинин арасынан эрте алып кеткени өкүндүрбөй койбойт. Тактап айтканда, 1991-жылы 16-октябрда күтүлбөгөн жол кырсыктан каза болгон. Кийин айылдагы орто мектепке анын ысымы ыйгарылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2481
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×