Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Карышкыр сезону: Ак-талаалык мергенчилер бир күндө 2 карышкыр атты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын жергиликтүү мергенчилери тарабынан кечээ, 26-январда 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, карышкырлар жергиликтүү малчылардын малдарына кол салып, аларды чыгымга учуратып жаткандыктан айыл өкмөтү тарабынан атайын карышкыр атууга мергенчилерден турган топ түзүлгөн.

Жыйынтыгында курамы 10 мергенчиден турган топ Көк-Жар чөлкөмүндө 1 карышкырды атып өлтүрүшкөн. Ошондой эле, Кара-Дөбө аймагында дагы 1 карышкыр жок кылынып, бирок жырткычтын өлүгү тоонун арасынан табылбай калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3365
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×