Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-Талаанын Баетов айылында «Мусанын урпактары» элдик ансамбли түзүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында «Мусанын урпактары» аталышындагы элдик ансамбль түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдагы маданият үйүнүн жетекчиси Назгүл Абышбаева билдирди.

Маалым болгондой, элдик ансамбь айтылуу комузчу, обончу Муса Баетовдун ырларын кайрадан эл алдына алып чыгуу жана даңазалоо максатында айылдагы өнөрпоз, таланттуу адамдардан түзүлгөн. Алар алгачкы концертин өткөн жылдын 28-декабрында элге тартуулашкан.

«Мусанын урпактары» элдик ансамблинин курамында 12 ырчы бар. Алардын ишмердүүлүгүнө айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1927
Көп окулду
×