Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.01.2018 11:53

Фото, видео - Ак-Талаада 120 өспүрүм балбан күч сынашты (жыйынтык)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата спорттун эркин күрөш түрү боюнча өспүрүмдөр арасында ири мелдеш өттү. Анда жалпы 120 балбан күч сынашканын аймактык кабарчы билдирди.

«Шерине» аталышындагы ири мелдештин 27-январдагы ачылыш аземинде акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек спортчуларга ийгилик каалашты. Мелдешке Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Кош-Дөбө, Ак-Тал жана Баетов айылдарынын балбандары жолдомо алышкан.

Мелдештин жыйынтыгындагы жеңүүчүлөр:

23 салмак категориясы боюнча

1-орун - Байбол Бекказиев, Жаңы-Талап айылы;
2-орун - Эльдар Мансурказиев, Жаңы-Талап айылы;
3-орун - Султан Сейитказиев, «Тайлак баатыр» спорт мектеби.

25 кг боюнча

1-орун - Кубаныч Бекказиев, Жаңы-Талап;
2-орун - Сыймык Тынчтыкбек уулу, Жаңы-Талап айылы;
3-орун - Байтилек Жаңыбаев, «Тайлак баатыр» спорт мектеби.

27 кг боюнча

1-орун - Төрө Салиев, «Тайлак баатыр» спорт мектеби;
2-орун - Эрдан Тынчтыкбек уулу, Жаңы-Талап айылы;
3-орун - Нурэл Билалов, Жаңы-Талап айылы.

30 кг боюнча

1-орун - Давид Эсенкулов, Ак-Тал айылы;
2-орун - Самат Асаналиев, Баетов айылы;
3-орун - Самат Эсенбек уулу, Кош-Дөбө айылы.

34 кг салмак боюнча

1-орун - Алихан Билимбек уулу, Баетов айылы;
2-орун - Алмаз Турарбек уулу, «Тайлак баатыр» спорт мектеби;
3-орун - Карганбек Эсенгул уулу, Ак-Тал айылы.

38 кг салмактагылар боюнча

1-орун - Казыбек Өмүркулов, Баетов айылы;
2-орун - Бекбол Бекказиев, Жаңы-Талап айылы;
3-орун - Акбар Шерипбеков, «Тайлак баатыр» спорт мектеби.

41 кг салмактагылар арасында

1-орун - Чыңгыз Узак уулу, Баетов айылы;
2-орун - Чыңгыз Алманбетов, «Тайлак баатыр» мектеби;
3-орун - Алишер Камчыбек уулу, Ак-Тал айылы.

45 кг салмак боюнча;

1-орун - Кайрат Бакытбеков, «Тайлак баатыр» спорт мектеби;
2-орун - Дөөлөт Акылбеков, Жаңы-Талап айылы;
3-орун - Нурбек Жылдызбек уулу, «Тайлак баатыр» спорт мектеби.

48 кг салмак боюнча,

1-орун - Калданазар Жумаалы уулу, «Тайлак баатыр» спорт мектеби;
2-орун - Кадыр Кубанычбек уулу, Кош-Дөбө айылы;
3-орун - Курманбек Разаков, Баетов айылы.

51 кг салмак боюнча;

1-орун - Акыл Керимжанов, Баетов айылы;
2-орун - Улан Дайырбек уулу, Кош-Дөбө айылы;
3-орун - Бактияр Тарас уулу, Терек айылы.

55 кг салмак боюнча;

1-орун - Нурсамат Майрамбек уулу, «Тайлак спорт» мектеби;
2-орун - Аттокур Алмамбет уулу, Ак-Тал айылы;
3-орун - Бектурсун Эрнис уулу, Ак-Кыя айылы.

60 кг салмак боюнча;

1-орун - Нарынбек Залкарбеков, «Тайлак баатыр» спорт мектеби;
2-орун - Эрлан Жумабек уулу, Баетов айылы;
3-орун - Эркинбек Тазабек уулу, Кош-Дөбө айылы,

65 кг салмак боюнча;

1-орун - Рысбек Бектур уулу, Жаңы-Талап айылы;
2-орун - Ажымурат Аттокур уулу, Кош-Дөбө айылы;
3-орун - Жеңиш Кубатбек уулу, Ак-Кыя айылы.

71 кг салмак боюнча;

1-орун - Азамат Бактыбек уулу, Ак-Тал айылы;
2-орун - Бектур Сырдыбек уулу, Ак-Тал айылы;
3-орун - Дастан Абдылдаев, Баетов айылы.

Ушул эле мелдеш кийинкиде Ак-Кыя айылында уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×