Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Баетов айылында «Шерине» футбол мелдеши өттү

Turmush -  27-январь күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылында жаштар арасында «Шерине» футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 5 команда катышты. Жыйынтыгында, 1-орунду 1992-жылы туулган жигиттер, 2-орунду 1996-жылы туулган жигиттер, 3-орунду 1989-жылы туулган жигиттер ээледи. Жеңүүчүлөр «Тайлак баатыр» спорт клубунун дипломдору менен сыйланышты.

Футболдук мелдештин кийинки кезеги 1986-жылы туулган жигиттерге берилип, алар оюнду келээрки ишемби күнү өткөрмөк болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 773
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×