Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-Талаа районундагы 12 мектепте спорт зал жок (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 12 орто мектепте спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучуларга дене тарбия сабагы сыртта өтүлөт.

Спорттук залы жок мектептерде окуучуларга дене тарбия сабагын өтүү кыйынчылыкты жаратат. Өзгөчө кыш мезгилинде жана жаан-чачын учурунда сабак өтүү ыңгайсыз.

Спорт залы жок орто мектептер:

- Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби, Кош-Дөбө айылы;

- Бердаалы Календеров орто мектеби, Чолок-Кайың айылы;

- Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби, Жерге-Тал айылы;

- Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби, Ак-Чий айылы;

- Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектеби, Жаңы-Тилек айылы;

- Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби, Баетов айылы;

- Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби, Терек айылы;

- Табирис Оторов атындагы орто мектеби, Байгөнчөк айылы;

- Муса Баетов атындагы орто мектеби, Үгүт айылы;

- Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби, Ак-Тал айылы;

- Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектеби, Ак-Кыя айылы;

- Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби, Кайыңды-Булак айылы.

Спорт залы бар орто мектептер:

- Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектеби, Коңорчок айылы;

- Мукаш Базаркулов атындагы орто мектеби, Кара-Бүргөн айылы;

- Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби, Баетов айылы;

- Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеби Кызыл-Белес айылы;

- Байымбет атындагы орто мектеби, Жаңы-Талап айылы;

- Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби, Тоголок Молдо айылы.

Булардын ичинен Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинин курулушу 4 жыл мурун башталып, учурда токтоп турат. Ошондой эле, Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылы башталган. Ал эми, Терек айылындагы К.Молдобасанов жана Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 4 жыл мурун башталган спорт залдын курулушу жыйынтыктала элек.

Ак-Талаа районунда жалпы 18 орто мектеп бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1737
Көп окулду
×