Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Жубайлар: Ак-талаалык Токтогон ата менен Бурулбүбү апа 45 жыл бирге жашап, 7 балага татыктуу тарбия беришти (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Терек айылындагы жубайлар Токтогон Токтогулов менен Бурулбүбү Муратжанова 45 жыл бирге түтүн булатып, уул-кыздарына татыктуу тарбия берди. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Т.Токтогулов көп жылдар бою колхоздо айдоочу, фермер, дыйкан болуп эмгектенген. Ал үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Алардын арасында «Алдыңкы айдоочу», «Мыкты фермер» жана «Мыкты дыйкан» наамдары бар.

Ал эми, жубайы Б.Ташматова мугалимдик кесипти аркалап, 28 жыл келечек муундарга таалим-тарбия берди. Ал түйшүктүү ишинде жараткан эмгеги, жетишкендиктерди, агартуу тармагына кошкон зор салымы үчүн Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ардак грамоталар жана «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле, Терек айылынын «Ардактуу атуулу», «Баатыр эне» наамдарына татыды.

Жубайлар 5 кыз, 2 уул, 24 небере жана 2 чөбөрөнүн бактылуу ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2331
Көп окулду
×