Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Баетов айылынын жаштары спорттук жабдыктарды сатып алуу үчүн мелдеш уюштурушту (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаштар арасында кезектеги «Шерине» аталыштагы кичи футбол мелдеши өткөрүлгөнүн аймактык кабарчы билдирди. Кечээ, 3-февраль күнү «Тайлак баатыр» спорт клубунун кичи футболдук аянтчасында 12 команда беттешкен.

Ар жуманын ишембисинде өткөрүлүп жаткан мелдешти бул жолу 1986-жылы туулган жигиттер уюштурду. Анда ар бир команда 300 сомдон чогултуп, топтолгон каражатка спорттук жабдыктарды алуу жана башка айыл аймактарда оюн өткөрүүгө пайдалануу пландалган.

Мелдештин соңунда 1-орунду 1996-жылы төрөлгөн жигиттер камсыздап, кубок, диплом жана медалдын ээси болууга жетишсе, 2-орунду 1989-жылкы жигиттер ээлеп, медаль тагынышты. Ал эми 3-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы камсыздап, диплом жана медалга жетишти. Андан сырткары,«Мыкты чабуулчу», «Мыкты күйөрман», «Мыкты дарбазачы» наамдары дагы ыйгарылды.

Кийинки мелдешти 1990-жылы төрөлгөн жигиттер уюштурмай болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1837
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×