Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.02.2018 08:25

Ак-Талаада мамлекеттик мекемелердеги кыз-келиндер спорттук мелдеште күч сынашты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мекеме-ишканаларда эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана теннис түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 4-февраль күнү өткөн мелдешти райондук спорт комитети жана аймактык оорукана биргелешип уюштурган. Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдери, 2-орунду Терек айылындагы «Терек-Береке» бала бакчасынын тарбиячылары жана 3-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери, 4-орунду аялдар кеңеши камсыздап, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Ал эми теннис боюнча 1-орунду Ажаркүл Тиленбаева, 2-орунду Динара Жылдызбек кызы жана 3-орунду Гүлжаз Капарбекова камсыздап, диплом жана акчалай байге ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×