Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Баетовдо Аймактарды өнүктүрүү жылына карата футболдук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жаштар арасында «Ынтымак шеринеси» аттуу футболдук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 4-февраль күнү жаштар арасында ынтымакты чыңдоо, ден соолукту бекемдөө жана спортту даңазалоо максатында уюштурулган мелдешке айыл аймактардан жалпы 7 команда оюн талаасында беттеш өткөрүштү. Мелдештин ачылыш аземинде Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу спортчуларды куттуктап, аларга ийгилик каалашты.

Бул мелдешке жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом каражат бөлүнгөн. Жыйынтыгында 1-орунду Чолок-Кайың айылынын «Хан Шырдакбек» командасы камсыздап, кубок, диплом жана 10 миң сом менен сыйланса, 2-орунду Терек айылынын «Терек» командасы ээлеп, диплом жана 5 миң сом, 3-орунду камсыздаган Баетов айылынын «Тайлак баатыр» командасына диплом жана 3 миң сом ыйгарылса, ал эми 4-орунду камсыздаган Кош-Дөбө айылынын командасы диплом жана 2 миң сом менен сыйланды. Андан сырткары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты дарбазачы» наамдары ыйгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1564
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×