Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.02.2018 14:31

Жаңы-Тилекте волейбол жана кол күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү тармагында мугалимдер жана кенже кызматкерлердин ортосунда спорттун волейбол жана кол күрөш түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөнүн спорт инструктор Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмү, кесиптик бирлик уюму жана спорт инструктору биргеликте уюштурган мелдеш Жаңы-Тилек айылында өткөрүлдү. Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин, 2-орунду райондук билим берүү бөлүмү жана 3-орунду Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин, 4-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери камсыздашты. Ал эми кол күрөш боюнча 1-орунду Ж.Токтокуев, 2-орунду К.Сагындыков жана 3-орунду М.Сатындиев ээлешти. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×