Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.02.2018 15:38

Көчмөндөр оюнуна даярдык: Ак-Кыяда ордонун абалак түрү боюнча тандоо мелдеши өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчуларды тандоо максатында ордо оюнунун абалак түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спорт инструктор Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, 3-февраль күнү өткөрүлгөн бул мелдешке жалпы 9 команда катышып, анын ичинен 1-орунду Ак-Кыя айылынын ордочулары, 2-орунду Кызыл-Белес айылынын ордочулары, 3-орунду Ак-Кыя айылынын 2-командасы камсыздады. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана диплом ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×