Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Нарын

Ак-Талаада өткөн жылы 24 баланын өлүмү катталган (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2017-жыл ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта 14 жашка чейинки 24 баланын өлүмү катталгандыгы координациялык кеңешмеде маалым болгондугун аймактык кабарчы билдирди.

Көз жумган 24 баланын ичинен 1 жаштагы наристелердин саны 11 болгон. Алардын ичинен Кош-Дөбө айылынан 2 наристе, Баетов айылынан 2 наристе, Чолок-Кайың айылынан 1 наристе, Ак-Кыя айылынан 1 наристе чарчап калган. Ошондой эле, Тоголок Молдо айылынан 1 наристе, Жаңы-Тилек айылынан 1 наристе, Кайыңды-Булак айылынан 1 наристе жана Жаңы-Талап айылынан 2 наристе көз жумган. Жыйында 9 ымыркай энесинин ичинен эле ар кандай оору менен туулуп, бир аз убакыт гана жашаган болсо, 3 ымыркай дарыгерлердин өз убагында энелерге баланы туура багуу, эмизүү тууралуу түшүндүрүү иштеринин жүрбөгөнүнөн улам көз жумгандыгы маалым болду.

Жалпы 24 баланын ичинен 11 наристеден башка балдар ар кандай кырсыктардан көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×