Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-Талаадагы кеңешмеде аймактык оорукананын башчысынын кызматтык абалын кароо сунушталды (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2017-жыл ичинде ыймыркайлардан тартып өспүрүм жашка чейинки балдардын өлүмү кескин түрдө көбөйгөндүгү тууралуу райондук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешме өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кечээ, 6-февраль күнү аталган маселе боюнча өткөрүлгөн отурумга акимдин орун басарлары Абдымалик Сулайманов, Жылдыз Мамбетова, райондук аймактык ооруканасынын башчысы Догдурбек Бектуров, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айгүл Капарова, айыл өкмөт башчылары, айылдык фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери катышты.

Кеңешменин отурумунда балдардын өлүмүнүн себептери, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, чарба иштеринин уюштуруулусу боюнча катуу сын-пикирлер айтылды. Ошондой эле, 2018-жылдын январь айына карата жугуштуу оорулар тууралуу очеттук маалыматтар берилип, райондук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комиссиясы тарабынан аймактык оорукананын башчысы Догдурбек Бектуровдун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айгүл Капарованын кызматтык абалын кароо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш жиберүү жагы белгиленди. Андан сырткары, Тоголок Молдо айылдык ФАПтын жетекчиси Н.Шакированын кызматтык абалын кароо, Жаңы-Талап айыл аймагындагы ФАПтын жетекчиси А.Чодоновага жана Кара-Бүргөн айылдык ФАПтын жетекчиси Г.Айтбаевага катуу сөгүш берүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы А.Капаровага милдеттендирилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2498
Көп окулду
×