Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 07.02.2018 13:32

Эркин күрөш боюнча Азия биринчилигине даярдык: Ак-талаалык Калмира Ысык-Көлдө машыгууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 15 жаштагы спортчусу Билимбек кызы Калмира эркин күрөш боюнча өспүрүм кыздар арасында өтө турчу Азия биринчилигине катышуу үчүн машыгуудан өтүп жаткандыгын машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаарында эркин күрөш боюнча Азия биринчилигине катышууга жолдомо алган эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынан 14 өспүрүм кыз катуу даярдыктан жана машыгуудан өтүшүүдө. Аларды Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова жана дүйнөнүн жаштар арасындагы чемпиону Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова машыктырып жатат. Балбан кыздарды машыктыруу жана окутуу иштери 22 күнгө уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×