Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Ак-Талаада Баетов — Бишкек каттамындагы айдоочулар жердештерине боз үй алып беришти (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы борбордук мечитке Баетов — Бишкек каттамындагы айдоочулар боз үй сатып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулар билдиришти.

Маалым болгондой, Баетов айылынан Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдын айдоочулары 30 миң сомго алган боз үйдү бүгүн, 8-февралда мечитке тапшырышты. Берилген боз үй аталган айылдагы жамандык жана жакшылык иштерге колдонулат. Боз үйдү тапшыруу аземинде ошол эле айдоочулар тарабынан кой союлуп, аксакалдарга жана сырттан келген дааватчыларга тамак берилип, маркумдарга багышталып куран окулду.

Буга чейин айдоочулар тарабынан жакыр жашаган 10 үй-бүлөгө 1 каптан ун таратылып берилгени маалым болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3174
Көп окулду
×