Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

«Мекендештер»: Кытайда окуган К.Кубанычбекова Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Калида Кубанычбекова Кытайдын Шаньдун политехникалык окуу жайында билим алып жатат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

20 жаштагы Калида аталган орто мектепте «4» жана «5» деген бааларга окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, алдыңкы окуучулардын катарында болгон. Окуучу кезинде Баетов айылынын сайтынын ыктыярдуу кабарчысы болуп эмгектенүү менен германиялык DW академиясынын сертификаттарына ээ болууга жетишкен.

«Алгач Кытайга барганда кыйналдым. Абасы, суусу, тамак-ашына көнө албай жүрдүм. Азыр баары жакшы. Азырынча кытай тилин үйрөнүп жатам. Бир жыл кытай тилин өздөштүрүш керек экен. Тилди билүүгө жараша 3-4-5-деңгээлдеги сертификат беришет экен. Ошонун негизинде чоң окуу жайга тапшырганга мүмкүнчүлүк алабыз. Сыртта жүрсөң үйдүн баркын билет экенсиң. Бул жакка келүүмө бир топ каражат сарпталды», - деди Калида.

Калида үй оокаттарына тың. Буга чейин журналистика тармагына кызыгып келсе, кийинчерээк туризм тармагына кызыгуусу артып, келечекте Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылууда. Өзүнүн айтымында, Калида иш бөлмөгө отуруп иштөөнү жактыра бербейт. Ал коомду аралап, ар дайым эл менен бирге иш жүргүзүүнү жактырат.

«Азырынча турмушка чыгууну ойлоно элекмин. Убакыт сааты келгенде турмуш курам. Өкүнүчтүүсү, учурда айрым кыздар чет өлкөнүн жарандарынын акчасына кызыгып, ошолорго турмушка чыгып кетип жатышат. Мен өзүбүздүн эле эр жүрөк кыргыздын жигитине эле турмушка чыгам. Азырынча билим алышым керек», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2473
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×